Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Баткенде быйыл чек арадагы чыр-чатактардын катталышы көбөйдү


Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. Маалыматта айтылгандай, өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу быйылкы жылда чек арадагы чыр чатактар жети учурга көп катталган. Былтыр жалпысынан 17 жолу чек арадагы тирешүүлөр болсо, быйылкы алты айда 24 учур катталган. Алардын ичинен сегизи Тажикстан, он алтысы Өзбекстан менен чектешкен аймактарда болгон. Буга негизинен кошуна өлкөлөр менен чек аранын толук такталып бүтпөгөнү себеп болуп жатканы айтылууда.

Баткен облусу Өзбекстан менен 375 чакырым аралыкта чектешип, анын 263 чакырымы такталган, ал эми Тажикстан менен 674 чакырымга чектешип, анын 270 чакырымы боюнча тараптар макулдашкан. Такталбаган жерлердин басымдуу бөлүгү калк жайгашкан аймактарга туура келет.(JsA)

XS
SM
MD
LG