Биринчи зилзаланын күчү 5,8 баллга жетти. Анын чордону Лар шаарына жакын жерде катталды. Арадан он эки мүнөт өткөн соң ошол эле аймакта экинчи ирет жер термелди. Анын күчү 5 баллдан ашты. Табигый кырсыктын кесепеттери туурасында азырынча маалыматтар түшкөн жок.