Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Кинорежиссер Асел Жураеванын тасмасы Каир фестивалына жактырылды


Бул тууралуу анын устаты кинорежиссер Темир Бирназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жаш кинорежиссер Асел Жураева тарткан “Өмүр бешиги” деген аталыштагы кыска метраждуу кинотасма Египетте октябрь айында өтө турган Каир эл аралык кинофестивалынын конкурстук бөлүгүнө тандалып алынды. “Тазар-кинокомпаниясында” тартылган “Өмүр бешиги” тасмасы фестивалды уюштуруучулардын кызыгуусун жаратты”,-дейт Т.Бирназаров. Ал ошондой эле Каир эл аралык кинофестивалына 8- 9 жылдан бери Кыргызстандан бир дагы кинотасма катышпаганын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG