Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Бишкектин №1 бейтапканасынын жетекчиси кызматтан алынды


Кечээ Саламаттык сактоо министрлигинин жанында демилгелүү топтун нааразылык акциясы болуп, анда №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Нурбек Касыевдин мыйзамсыз иштери, каржылык тартип бузуулары айтылып, аны кызматтан алуу талабы коюлду. Митингдин катышуучулары менен Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов аталган бейтапканага барып, окуяны жеринде териштирди. Анда медициналык мекеменин бир нече бөлмөлөрүн 23 кишиге арзан баага ижарага берилгени, бейтапканынын техникалык абалы начардыгы жана башка ишиндеги калпыстыктар аныкталып, жетекчиси Нурбек Касыев кызматтан алынды. Шаар башчысы Иса Өмүркулов медициналык мекеменин иштерин дыкат иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG