Бишкек шаарында 23-июлда “Жибек Жолунда Азиянын биригиши” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Көргөзмөгө жапониялык сүрөтчү айым Изуми Сакамото менен кыргызстандын сүрөтчү Рахат Итикеевдин эмгектери коюлмакчы. Бул тууралуу Жапониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги билдирет. (IJz)