Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

АКШ Түндүк Кореяга каршы жаңы санкция киргизет


Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бүгүн Түштүк Кореяга барганда билдирди. Клинтон менен АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс Түштүк Кореяга анын аскерий кемесине чабуул болуп, 46 адам өлгөндөн кийин жакын өнөктөшү расмий Сеулга колдоо көрсөтүү иретинде барышкан. Кемедеги авария үчүн Түштүк Корея да, эларалык иликтөөчүлөр да расмий Пхеньянды айыпташты. Түндүк Корея болсо кырсыкка тиешеси жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG