Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:34

Орусияда ГЭСке чабуул болду, эки адам өлдү


Белгисиз бирөөлөр бүгүн Түндүк Кавкзадагы Кабардино-Балкария республикасында ГЭСке кирип, эки адамды атып өлтүрүштү. Алар дагы үч кишини токмоктоп, бомбаны жардырып жиберишкен. Милиция муну теракт болушу мүмкүн деп жатат. Кабарларга караганда, окуяга тиешеси болушу мүмкүн делгендер аныкталды. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Жардыруудан чыккан өрттү өчүрүүгө үч саат кеткен. ГЭСтин иши токтотулду. Кабардино-Балкария Түндүк Кавказда орус аскерлери мусулман жикчилери менен урушуп жаткан аймакка кирет.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG