Фильмди өлкөдөгү мамлекеттик киностудияда тарта турганын билдирди. Амири бир нече күн мурда АКШдан Тегеранга кайткан. Физик, ядролук энергия боюнча окумуштуунун айтымында, аны америкалык чалгынчылар бир жыл мурда уурдап кетишкен. Иранга келгенден кийин ал Америкада оор кыйноолорго, психологиялык басымга кабылганын, Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө жалган маалымат бергенге мажбур болгонун айтты. Расмий Вашингтон муну четке кагып, Амири Кошмо Штаттарында эркин эле жүргөнүн билдирди.