Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Йемендеги кагылыштарда 22 адам мерт болду


Айрым маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Йеменде шийи козголоңчулары менен өкмөттү колдогон уруу өкүлдөрү уруша кетип, эки күн ичинде 22 адам набыт болду, 50 ашууну жаракат алды. Кагылыштар Сауд Арапстан менен чектеш жердеги тоолуу Саада провинциясында болгону айтылууда. Йемендеги мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, урушта өкмөттү колдогон уруу башчысы көз жумду. Булар 2004-жылдан бери эле согушуп келатышат. Быйыл февралда ок атууну токтотуу тууралуу келишим кабыл алышкан эле. Бирок ошондон бери эки тарап бир нече ирет бирин-бири ал келишимди бузганы үчүн айыпташканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG