Коопсуздук күчтөрү маалымдашкандай, Бакуба шаарында дүрмөттөлгөн машина жарылган. Байкоочулар Иракта өкмөт түзүү иши кечеңдеген сайын козголоңчулар жандана баштаганын айтышууда. Жалпы элдик шайлоо өлкөдө 7-мартта болгон, ошондон бери коалициялык өкмөт түзүү үчүн саясий күчтөр тил таба албай жатышат.