Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

ШКУнун катчылыгы Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыгын жактырды


Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы билдирүү таратып, Кыргызстанда 27 июнда Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору боюнча өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгына жана 14-июлда түзүлгөн өкмөттүн түзүлүшүнө канааттандырарлык деп баасын берди. Ошондой эле жаңы Баш мыйзамды атуулдардын көпчүлүгү колдоп, добуш берүүдө атуулдар жигердүүлүгүн көргөзгөнүн белгилеген.
ШКУнун катчылыгы Кыргызстан элинин тандоосун урматтоо менен мамиле кыларын, өлкөдө туруктуулукту, коомдук тартипти камсыз кылуу багытын жана түштүк аймагын калыбына келтирүү аракетин колдоорун, Ош, Жалал-Абаддагы окуя калыстык менен акыйкат иликтенерине ишеним артарын белгилеген.
Катчылык ШКУга мүчө мамлекеттер Кыргызстандын түштүк аймагындагы кырдаалды турукташтырып, кылымдардан бери бирге жашап келаткан боордош элдердин достугун чыңдоого, тынчтыкты камсыз кылууга даяр экендигин, ар тараптуу жардам көрөсөтүүнү уланта беришерин билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG