Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Акмат Бакиевдин жанынан "Байкал" тапанчасы, 75 ок чыкты


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиев кечээ кечинде Жалал-Абад шаарында Спутник кичи районунда бир тууган күйөө баласынын үйүндө кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, А.Бакиев кармалганда анын жанынан орусиялык өндүрүштөн чыккан "Байкал" тапанчасы 75 огу менен, бет каптар, жасалма чач, сакал- мурут табылган.
Акмат Бакиев 30-апрелден бери издөөдө жүргөн. Ага укук коргоо органдары тарабынан массалык баш аламандыкты уюштурган, бийликти басып алууга аракет кылган, бейбаштык кылган делип айып тагылып, кылмыш иши козголгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG