Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36

Жалал-Абад шаарында кол бомба табылды


Кечээ Жалал-Абад шаарынын Пушкин-Шатманалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн милиция кызматкерлери Ф-1 маркасындагы кол бомба табышты.

Көпүрөнүн алдындагы түтүккө тыгылып калган кол бомбаны зыянсыздандыруу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, өрт өчүргүчтөр, саперлор чакырылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жарылууга даяр кол бомбаны тартип сактоо органдарынын кызматкерлери дароо шаар четине алып чыгып, зыянсыздандырышты. (IJz)

XS
SM
MD
LG