Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

“Харакаттын” маалыматына маданият министри жооп кылды


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын Өзбекстанда атабоого тыюу салынганы тууралуу “Харакат” менчик интернет сайты маалымдап чыккан.

Буга карата Кыргызстандын Маданият жана маалымат министри Садык Шернияз өз оюн билдирди.

“Чыңгыз Айтматов тууралуу бул маалымат Өзбекстандын ырасмий бийлиги тарабынан атайын тастыкталып таратылган эмес. Андыктан муну өзбек бийлигинин атынан каароо туура эмес. Бул эки элдин ынтымагын ыдыраткысы келгендердин аракети болушу мүмкүн”,- дейт министр.

«Бүткүл дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын дүйнө эли менен кошо Өзбекстанда да сүйүп окушат деп ойлойм» деп кошумчалады министр. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG