Бул тууралуу бүгүн ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын атайын өкүлү Киммо Кильюнен маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эл аралык комиссиянын курамына эл аралык уюмдар, көз карандысыз эксперттер кирмекчи. Ушул тапта Ош менен Жалал-Абаддагы коогалаңды иликтей турган эл аралык комиссиянын курамы жана бюджети такталууда.
К.Кильюнендин ырасташынча, эл аралык комиссиянын максаты - коогалаңдагы фактыларды калыс иликтөө болуп саналат.
“Эл аралык комиссия коогалаңдын келип чыгуу себебин иликтебейт. Ал бардык фактыларды топтоп, тараптарды жараштыруучу пайдубал түзөт”,- дейт ал. Аталган эл аралык комиссия август айынын башында ишин баштап, жыл аягында кыргыз өкмөтүнө жана коомчулукка иликтөөнүн жыйынтыгын бермекчи. (IJz)