Сенат кабыл алган мыйзам президентке жөнөтүлдү. Документте Мянмадан ар кандай товар ташып чыгууга тыюу салынат. Санкциялардын максаты - Мянманын аскерий бийликтерин демократиялык айрым кадамдарды жасаганга, анын ичинде оппозициянын лидери Аун Сан Су Чжини үй камагынан бошотконго, өлкөдө эркин шайлоо өткөргөнгө аргасыз кылуу. Аскерий хунта соңку 20 жылдан бери биринчи шайлоо быйыл өтөрүн айткан, бирок анын так мөөнөтү жарыялана элек.