Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Түштүктөгү абалды турукташтырууга мекемелер аралык комиссия түзүлөт


Ош, Жалал-Абад облустарында кырдаалды турукташтыруу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү тууралуу жарлыкка президент Роза Отунбаева кечээ кол койду. Ага ылайык комиссия 10-августка чейин эл аралык жана бейөкмөт уюмдар менен улуттар аралык мамилени чыңдоого, Ош, Жалал-Абад облустарында кырдаалды турукташтырууга программа иштеп чыгып, аны президенттин кароосуна сунуштайт.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматына түштүктө июнь окуясында документтери жабыркаган атуулдардын документтерин кайра калыбына келтирүү жана жарандардын өздүгүн тастыктаган укуктук күбөлүктөрүн алууну жеңилдетип берүү долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды.

Өкмөткө болсо комиссиянын ишине тиешелүү уюштуруу маселелерди 25-июлга чейин чечүү милдеттендирилди. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.(AJ)

XS
SM
MD
LG