Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Түштүктө каза болгондордун саны 335 адамга жетти


Саламаттык сактоо министрлигинин 22-июлдагы маалыматына караганда, Ош, Жалал-Абад облустарында июндагы кандуу окуяда 2326 адам жабыр тарткан. Алардын 1082и ооруканаларда дарыланган. 1243 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Учурда ооруканаларда 25 адам дарыланууда. Ош облусунда жалпысынан таанылбаган 67 адамдын сөөгү көмүлгөн, анын ичинен 13чү Өзбекстандын Анжиян облусунан алынып келинген. Ош облустук соттук-медицицналык бюродо белгисиз 3 адамдын сөөгү жатат. Жалал-Абадда белгисиз бир адамдын сөөгү жерге көмүлгөн.

Маалыматта белгисиз сөөктөрдөн биологиялык материалдар алынып, Ош,жалал-Абад облустарынын соттук-медициналык бюролорунда сакталып турганы айтылып, бирок республикада ДНК-анализин аныктоого мүмкүндүк болбогундуктан өз убагында каза болгондордун өздүгү аныкталбай атканы белгилегенген. Ошондой эле 175 материалдын ДНК-анализин өткөрүүгө Орусия көмөк көрсөтөрүн, ага 5 миллион сомдон ашуун каражат керек экендигин Саламаттык сактоо министрлигинин тез жардам көрсөтүү башкармалыгы маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG