Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Топчубек Тургуналиев кызматтан кетти


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Т.Тургуналиев 7-апрель Элдик ыңкылабынан кийин Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп дайындалган. Анын аталган агенттиктеги жүргүзгөн иштерине нааразы болгон токой чарбасынын 200гө чукул кызматкерлери бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын жанында митинг өткөрүшүп, Т.Тургуналиевди кызматтан кетирүү талабын коюшту.
Топчубек Тургуналиев болсо аткарган ишинде олуттуу кемчилик кетирген жетекчилерди агенттиктин коллегиясынын чечими менен кызматтан алынган кызматкерлер атайын элди уюштуруп, нааразылык митингге чыгышканын билдирди.

Маалыматка караганда Топчубек Тургуналиевдин ордуна Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп Мирослав Аманкулов дайындалды. (AJ)

XS
SM
MD
LG