Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

“Боинг” учагынан жабыркагандар пикетке чыгышты


“Манас” аэропортуна жакын жерде кыйраган учакта каза болгондордун жакындары жана башка жабырлануучулар “Боинг-737” учагынын кыйрашы боюнча иш унутта калып жатканына нааразылыгын билдиришүүдө.Транспорт жана байланыш министрлигинин алдына пикетке чыккандардын бири Шайымбүбү Акматованын “Азаттыкка” билдиришинче, учурда аларга өкмөт тарабынан эч кандай көңүл бурулбай жатат. Ошондой эле ал кырсыкка күнөөлүү деп табылып, кесилген эки учкучтун бири Тимофей Водолагиндин эркиндикте жүргөндүгүн билдирди. Пикетке чыккандар бул иштин кайрадан акыйкат тергелип, чыныгы кырсыкка себепкерлердин жазаланышын талап кылышууда.

2008-жылы 24-августта кыргызстандык “Итек Эйр” жана Ирандын “Асеман эйр” аба компаниялары уюштурган Бишкек-Тегеран каттамындагы “Боинг-737” учагы “Манас” аэропортунан абага көтөрүлүп, көп өтпөй кайра жерге кулап түшкөн. Натыйжада 65 киши каза тапкан, ал эми учактын экипажы аман калган. Авиакырсык үчүн учкучтар Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин айыптуу деп табылып, 5 жылдан жатак абакка кесилишкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG