Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

ЕККУнун полиция тобунун Кыргызстанга киргизилиши боюнча долбоор даяр


Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, кечээ ЕККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында 56 өлкө Кыргызстанда полициялык кеңешчи топту жайгаштыруу боюнча макулдашууга жетишти. Бул чечимге ылайык, Кыргызстан менен ЕККУ полициялык топтун ишмердүүлүгү боюнча Меморандумду даярдашат. Учурда бул документтин долбоору даярдалып, ЕККУнун Бишкектеги борборуна жөнөтүлдү.
Документте айтылгандай, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициячылар тобу Кыргызстанга төрт айга жөнөтүлөт, алардын миссия мөөнөтү кийин узартылышы мүмкүн. Европалык полициячылар Ош менен Жалал-Абадда улуттар аралык мамилелердеги чыңалууну азайтып, жергиликтүү тартип коргоо органдарынын бейпилдик операцияларын туура уюштуруп-аркалоого көмөктөшөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги полициячыл топтун киргизилиши боюнча берген өзүнүн түшүндүрмөсүндө, бул туурасында коомчулукта түрдүү пикирлердин айтылып жатышы – бул Кыргызстандагы сөз эркиндиги болгонунан жана жарандык коомдун өнүккөндүгүнөн кабар берерин белгилеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG