Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Баткенде губернатордун кетишин талап кылган митинг өтүүдө


Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын алдына чыккан жүзгө чукул киши губернатор Султанбай Айжигитовдун кызматтан кетип, анын ордуна Мамат Айбалаевдин келишин талап кылып жатышат. Алар облуста жол, чек ара, оруп-жыйуу иштеринде көйгөйлөр көп экендигин, бул боюнча эки айдан бери иштеп келе жаткан губернатор Султанбай Айжигитов эл менен бир да жолу жолукпаганын билдиришкен. Чогулгандар менен Баткен районунун акими Хаитали Айканов жолугуп, губернаторду бошотуу жана дайындоо маселеси жергиликтүү деңгээлде чечилбестигин, бул маселе боюнча президентке кайрылуу керектигин айткан. Учурда митингчилер Султанбай Айжигитовдун өзү менен жолугууну көздөп турушат. Бул туурасында "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG