Жаңы конуштарда мектептен калган балдар боюнча сурамжылоо иш-чарасы 25-июлда жыйынтыкталат. ЮСАИД каржылаган Жаштарды колдоо программасынын алкагында 16-июлда Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда сурамжылоо иш-чарасы башталган. Анын негизги максаты - мектепке барбай калган балдарды кайра окууга тартуу болуп саналат.
Балдарды коргоо борбору, “Эреп”, Балалыктын институту, “Эр айым”, “Бүчүр”, “Ашар” өңдүү бир катар бейөкмөт уюмдары тарабынан ишке ашырылып жаткан сурамжылоонун жыйынтыктары кийинки аптада жарыяланат.
Жаштарды колдоо программасынын адиси Айнура Жапарованын “Азаттыкка” билдиришинче, жаңы конуштарда мектептин жоктугу жана жашоо шарттын начардыгынан мектеп жашындагы балдар билимден куру калууда.
Бүгүнкү күндө Бишкектин айланасында 48 жаңы конуш бар. Алардын болгону сегизинде эле орто билим берүүчү мектеп иштейт. (AzK)