Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, облустун Аксы районунда 21-июлда катуу нөшөрдөн кийин болгон селдин залалдары эсептелүүдө. Бул күнү райондун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Төбө, Сөгөт, Өлөң-Булак айылдарындагы турак-жай, эшик алдындагы жери, электр мамылары менен жолду сел каптап, ылай баскан. Жаңы-Айыл кыштагындагы көпүрөгө таш-кесек, ылай топтолгондуктан Кербен – Ала-Бука жолунда жол жүрүү татаалдады. Суу ташкындын айынан Токтогул районундагы Үч-Терек – Кызыл-Өзгөрүш жолу жабык турат. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жок, жол, көпүрө оңдоо жумуштарына Транспорт министрлиги тарабынан атайын техникалар бөлүнүүсү керек, деп билдирди Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы. (YA)