Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:32

МАИ кызматкерлерин тизгиндеген буйрук чыкты


Ички иштер министри Кубатбек Байболовдун буйругу менен мындан ары Мамлекеттик авто инспекциясынын кызматкерлери айдоочуларды жөнү жок токтотуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Ага ылайык, мындан ары МАИ кызматкерлерине бак-шактын аркасына же айдоочуларга көрүнбөгөн жерге жашынып алып иш алып баруусуна тыюу салынат. Жөнү жок эле унааларды токтотуп, алардын техникалык абалын жана документтерди текшерүүгө тыюу салынат. Ал эми айыл-чарба азыктарын ташып бараткан авто унааларды жол эрежесин өтө орой бузган учурда гана токтотуп, анда да түшүндүрүү иштери менен гана чектелүү керектиги айтылган.

Андан тышкары Токтогул районундагы “Чычкан” стационардык постунда турууга МАИ кызматкерлерине убактылуу бир мөөнөткө чейин тыюу салынды.

Мындай буйрук МАИдеги коррупциялык иштерди азайтуу, аларга коомчулуктун ишенимин арттыруу, азык-түлүктөрдү ташуучуларды жана соодагерлерди колдоо иретинде жасалууда.

Жол кыймылы коопсуздугу боюнча башкы башкармалык билдиргендей, эгер МАИ кызматкерлери жогорудагы буйрукка баш ийбей, айдоочуларды каалагандай токтото берише турган болсо, анда 63 09 01 жана 63 09 00 ишеним телефондоруна чалып, даттанышса болот. (IJz)

XS
SM
MD
LG