Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча өкмөттүк кеңешме өттү


2010-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча өкмөттүк кеңешме өттү. Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев, Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев, Каржы министри Чоробек Имашев, Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышкан жыйында бүгүнкү кырдаалдагы экономиканын ал-абалы талкууланды.

А.Муралиевдин айтымында, ушул тапта Кыргызстандын экономикасында оор кырдаал түзүлүп турат. Андыктан көйгөйлөрдөн чыгуунун жолдорун таап, өтө тездик менен иш алып баруу керек болууда. Андан тышкары ал кыйын кырдаалга карабай өлкө донорлордун жардамына арга кеткенде гана кайрылышы керектиги, 2011-жылдын бюджетин түзүүдө ички күчтөргө гана таянуу керектигин баса белгиледи.

Экономикалык тескөө министри Э.Үмөталиев билдиргендей, ушул жарым жылдыкта өлкөнүн ички дүң продуктусунун көлөмү 81,5 миллиард сомду түздү. Бул аралыктагы экономикалык өсүш Кумтөрдөн түшкөн пайданы эске албаганда 101,5 пайыз, Кумтөрдү кошкондо 105 пайызды түздү.

Ал эми Энергетика министри О.Артыкбаевдин айтымында, Камбар-Ата 2 ГЭСинин биринчи агрегаты 30-августта ишке киргизилет. Ал эми Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2010-жылдын жыйынтыгында 22 миллиард 872,7 миллион сом топтоо пландалган. (IJz)

XS
SM
MD
LG