Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

Боливия Венесуэла менен Коломбия саммитин чукул өткөрүүгө чакырды


Боливиянын президенти Ево Моралес бул эки өлкөнүн ортосундагы тирешти жөнгөрүүнүн жолдорун түштүк америкалык президенттердин талкуулашын сунуштады. Венесуэланын мамлекет башчысы Хуго Чавестин жакын шериги болгон Моралес “Колумбиянын америкачыл саясатынан улам аймакта согуш чыгып кетүү коркунучу пайда болду” деп эсептейт. Коломбия Венесуэлага өз аймагында солчул козголоңчуларды жашырып жатат деп кине таккандан кийин, Венесуэланын социалист президенти Чавес АКШ менен союздаш Богота өкмөтү менен байланышты кескин чектей баштады.

XS
SM
MD
LG