Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Иранда камактагы оппозиция мүчөсүн күрөөгө бошотушту


Реформисттердин жол башчыларынын бири Мохсен Армин май айынан бери камакта эле. Жергиликтүү "Арман" гезитинин кабарына ылайык, тыю салынган реформисттик партияны жетектеген Армин 200 миң доллардык күрөө менен бошотулду. Ал президент Махмуд Ахмединежаддын кайра шайланышынан кийинки нааразылык акцияларында камакка алынган реформачыл жана оппозиция өкүлдөрүнүн катарында болгон. Оппозиция былтыр жайдагы шайлоо бурмалоо менен өттү деп талашып келет.

XS
SM
MD
LG