“Магрибдеги ислам өлкөлөрүндөгү “ал-Каида” уюму” барымтадагы француз жараны, гуманитардык миссиянын кызматкери Мишель Жермано өлтүрүлгөнүн маалымдады. Араптардын “ал-Жазира” телеканалы экстремисттердин лидери Абу Мусаб Абдулвадудтун үнүн жарыялады. Тасмадагы үн Абдулвадуддукубу, али тактала элек. Анын түшүндүрүшүнчө, өткөн аптада Малидеги базага жасалган рейд учурунда окко учкан “ал-Каиданын” алты мүчөсүнүн өлүмү үчүн 78 жаштагы Мишель Жерманодон өч алынган.
Африканын батышындагы Мавритания мамлекетинин коопсуздук күчтөрү Малиде өткөргөн операцияга франциялык аскерлер да катышкан.