Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Муфтиятта Уламалар кеңеши жабык эшик артында жыйын өткөрүүдө


Жыйын өтүп жаткан жерди милиция кызматкерлери кайтарып, эч кимди киргизбей турушат. Бул тууралуу кабарчыбыз билдирди. Анын айтымында, муфтияттын өкүлдөрү Уламалар кеңешинде алдыдагы орозого байланыштуу маселе талкууланып жатат дегени менен Кыргызстандын муфтийин шайлоо маселеси да каралышы күтүлүүдө. Ал эми сыртта муфтийди шайлоого каршы жана жаңы муфтийди шайлоону колдогон жүздөн ашуун адамдар турушат.

Буга чейин кабарлангандай мурдагы муфтий, маркум Мураталы ажы Жуманов 8-апрелде өз каалоосу менен кызматтан кетип, өз ордуна муфтийдин милдетин аткаруучу кылып Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовду дайындап кеткен. 21-апрель күнү Мураталы ажы Жумановду белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, коркутуп-үркүтүшкөн. Ага удаалаш 10 күн муфтийлик кызматын аткаргандан кийин А.Нарматов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Андан кийин муфтийдин милдетин аткаруучу Сүйүн ажы Кулуевди 6-июнда белгисиз адамдар “кызматыңан кет, башка муфтий шайлайбыз”,-деп катуу сабап кетишкен. Натыйжада мурда Чүй облусунун казысы болуп келген Руслан Жумагулов Уламалар кеңешинин жыйынысыз эле муфтийлик кызматка отуруп калган. (AJ)

XS
SM
MD
LG