Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Баткенде митинг тарады


Бүгүн Баткен шаарында жүздөн ашуун адам митинг өткөрүшүп, бир тарабы Баткен облусуна Мамат Айбалаевдей губернатор керек десе, экинчи тарап аймакта тынчтык керектигин, азыркы губернатор Султанбай Айжигитов чыныгы губернатор деп, анын таламын талашып турушту. Бул тууралуу Баткендеги кабарчыбыз билдирди. Анын айытымында, митингге чыккандар мындан сырткары чек ара аймактарында социалдык абал оор бойдон калып жатканын белгилешип, облустагы башка көйгөйлүү маселелерди дагы көтөрүштү. Губернатор С.Айжигитов алар менен жолугушуп, шаршемби күнү мамлекеттик башка кызматкерлердин катышуусунда көйгөйлүү маселелерди талкуулап, чечип берүүгө убада кылды. (AJ)

XS
SM
MD
LG