Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

ЕККУ полициясын киргизүүгө каршы митинг Ысык-Көлдө да өттү


26-июль күнү түшкү саат экиде Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына алтымыштай киши чогулду. ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизбөө талабы менен чыккандар «ЕККУ куралдуу күчтөрүнө кыргыз эли каршы» деген ураандар жазылган кагаздарды кармап турду. Митингге чыкандар «Ынтымак таянычы» коомдук бирикмеси, элдик кошуундар жана “Замандаш” партиясынын мүчөлөрү экенин “Азаттыкка” КСДПнын Ак-Суу районундагы координатору Асылбек Бабаев маалымдады. Кыргызстанга кире турган полиция куралсыз гана келип, коопсуздукту сактоо ыкмаларын үйрөтө турганын облустук бийлик өкүлдөрү түшүндүргөн менен митингге чыккандар ага ынанбай өлкө президентине кайрылуу жолдошту. Митинг жарым саатка созулду. (RB)

XS
SM
MD
LG