Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Чубак ажы Жалилов муфтий болуп шайланды


Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин жыйынында муфтийлик кызматка 6 адам талапкерлигин коюп, Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов өзүнүн талапкерлигин алып койду. Жыйынтыгында беш адамдын ичинен 35 жаштагы Чубак ажы Жалиловго 21 добуш берилип, муфтийдин кызматына шайланды. Ч.Жалилов буга чейин муфтиятта фатфа бөлүмүн жетектеп келген.
Муфтийдин милдетин аткаруучу Руслан Жумагулов болсо Чүй облусунун казысы болуп бекитилди. Бул тууралуу кабарчыбыз билдирди.(AJ)

XS
SM
MD
LG