Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Жалал-Абад облусунда миграция күчөдү


Алгачкы жарым жылда Жалал-Абад облусунан чет мамлекеттерге 57 миң 681 адам чыгып кеткен. Бул тууралуу облустук мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан коргоо жана саламаттыкты сактоо бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, чет жактарда иш издеген эмгек көчкүндөрүнүн басымдуу бөлүгү, же 38 миңге жакын киши Орусияга, эки жарым миңден ашыгыраагы Казакстанга туура келет. Коомчулуктун пикири боюнча, сырт өлкөлөргө кетүү айрыкча май-июнь айларындагы тополоңдон кийин күчөп кетти. Ал агым ушу тапта да сээлдей элек. Эмгек көчкүндөрүнүн жер которуусуна жумушсуздук менен жашоонун начардыгы, маяна-пенсия, жөлөк пулдардын төмөндүгү жана негизсиз ушак-айыңдардын күчтүүлүгү себепкер болууда. Жалал-Абад шаар мэриясы өткөн айда 125 адам башка жакка кетүү максатында паспорт каттамынан чыкканын билдирген. (YA)

XS
SM
MD
LG