Партиянын төрагасы мурдагы вице-премьер-министр, айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков. Анын орун басарлары Руслан Тагаев, Улан Төрөбеков, Иса Атанов. “Каганат” партиясы “Кыргызстан-кудуреттүү мамлекет” деген ураан менен алдыдагы парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы Мелис Айдаркулов “Азаттыкка” билдирди. (AJ)