Бир катар гуманитардык уюмдар Кыргызстанга тез арада жардам берүү керектиги айтылган жаңы чакырык даярдашты. Бул тууралуу БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү билдирет. Маалыматка ылайык, коогалаң болгон Ош менен Жалал-Абад облусуна гуманитардык жардамдардын биринчи бөлүгү барган. Эми билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу, айыл-чарба иштери, саламаттыкты сактоо, жарандарды коргоого алуу сыяктуу багыттарда жардамдар талап кылынууда. Гуманитардык жардамдарды жаңыртуу керектиги айтылган чакырыкта, негизинен жабыр тарткандарды үй-жай менен камсыз кылууга, адам укуктарын коргоого басым жасалууда. Маалыматка караганда, Кыргызстандын түштүгүндөгү коогалаңдын айынан учурда 400 миң чамалуу адам жардам муктаж болууда. Алардын 75 миңи үй-жайын жоготкондор жана коопсуздугун ойлоп башка жерлерде качып жүргөндөр. (IJz)