Эл аралык донорлор Кыргызстанга акыркы айлардагы саясый-этникалык коогалаң алып келген чыгашадан оңолуу үчүн келерки 30 айда 1,1 миллиард доллар жардам берүүгө макул болду. Дүйнөлүк банктын өкүлү Теодор Алерс кечээ Бишкекте болгон эл аралык конференцияда билдиришинче, анын 600 миллион доллары ушу жылдын аягына дейре берилет. Июнь айында өлкө түштүгүндө болгон кыргыз-өзбек чабышында ырасмий маалымат боюнча 316 киши набыт болуп, 375 миңдей адам там-жайын таштап качкан. Алардын 75 миңи үй жайсыз калган. Коогалаңдын кесепетинен ички дүң жыйым 5 процент кем болот деп болжолдонууда.
Өлкө президенти Роза Отунбаева түштүккө жасаган сапары маалында набыт болгондордун саны расмий маалыматтардан алда канча көп болушу мүмкүн экенин айткан.