АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы согуш жөнүндөгү жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгып кеткенине тынчсызданды. Бирок документтерде өзгөчө купуя сырлар жок экенин, алар эртеби-кечпи жарыяланып жатканын айтты Обама Конгресстин лидерлери менен өткөн кездешүүдө:
-Мен согуш майданындагы маанилүү маалыматтардын жарыяланып кеткенине тынчсызданам. Алар айрым адамдарга же бүтүндөй операцияга коркунуч туудурушу мүмкүн. Иш жүзүндө бул документтер Ооганстан боюнча өткөн коомдук талкууларда жарыяланбаган эч кандай маалыматты ачпайт. Бу документтерде мени былтыр күздө биздин саясатты өзгөрткөн проблемалар жөнүндө кеп болот.
Аскерий жетекчилигинин айтышынча, ашкере болгон 91 миңдей аскерий маалымат алып келген зыянды иликтөөгө “көптөгөн жумалар” керек.
АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, адмирал Майк Мюллен 27-июлда Багдадда сүйлөп, купуя аскерий маалыматтардын жарыяланышы америкалыктардын өмүрүнө коркунуч туудурушу ыктымал деди.