Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Ооган өкмөтү менчик «Emroz» сыналгысын жапты


«Emroz» (Бүгүн) сыналгы каналынын жабылышы саясий негиздерге байланыштуу экендигин анын ээси ооган парламент мүчөсү Нажибулла Кабули билдирди. Соңку кезде «Emroz» каналы көрүүчүлөргө Ирандын Oоганстандын ишине кийлигишүүсү тууралуу маалымат жайылта баштаган. Кабули бир катар саясатчылар жана партияларды сыналгыны жабуу максатында президент Карзайга басым жасагандыгын айыптады. Өкмөттүн Маалымат жана медиа борборунун жетекчиси Хаким Ашер «Emroz» каналы өлкөдө диний чыңалууну күчөтүп, улуттун биримдигине шек келтиргендиги үчүн жабылгандыгын билдирди. Учурда Ооганстанда жыйырмадан ашуун сыналгы каналдары бар.

XS
SM
MD
LG