Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Т.Тургуналиев: “Тазалануу жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу зарыл


Бүгүн маалымат жыйынында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Топчубек Тургуналиев апрель ыңкылабы авторитардык-кландык режимдин өкүлдөрүнөн тазалануу боюнча алдыга койгон тапшырмасын аткара албай жатканын билдирди. Анын айтымында, күздөгү парламенттик шайлоого чейин мурда мамлекеттик кызматтарда иштеп өлкөнү ушундай оор акыбалга алып келген адамдардан тазалануу керек.
Т.Тургуналиев “Тазалануу жөнүндө” (О люстрации) мыйзамын ишке ашыруу боюнча демилгелүү топ түзүлүп жатканын, бул мыйзам кабыл алынса парламенттик шайлоого катышууга жана малекеттик кызматтарга умтулган “Ак жол” партиясынын айрым мүчөлөрүнөн арылууга мүмкүнүчүлүк түзүлөрүн белгиледи.

Люстрация – (латын тилинен lustratio) курмандыкка чалуу аркылуу тазалануу дегенди түшүдүрөт. Бул саясий ыкма Польша, Прибалтика өлкөлөрүндө колдонулуп, коммунисттик режимде иштеген адамдар он жылга чейин мамлекеттик кызматтан четтетилген. (AJ)

XS
SM
MD
LG