Бул тууралуу аталган элдик кыймылдын кеңешчилер тобунан билдиришти. Маалыматка караганда “Ыңкылаптын жеңишин коргоо жана бийликти тазалоо” элдик кыймылынын курултайында 7-апрель Элдик ыңкылабында элге ок аткандарды тез арада кармап, мыйзам чегинде жоопко тартуу, “Тазалануу жөнүндө” (О люстрации) мыйзамды кабыл алуу маселеси каралат. Курултайга президент Роза Отунбаеванын катышуусу күтүлүүдө. (AJ)