Бүгүн Баткен шаарынын борбордук Жеңиш паркында облус губернатору Султан Айжигитовду колдогон митинг өтүп, ага облустун айылдарынан келишкен 2 миңдей адам катышты. Алар Султан Айжигитовго иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө, аны жөн жерден каралай берүүнү токтотууну талап кылышып, Баткенде тынчтык керектигин айтышты. Бул тууралуу Баткендеги кабарчыбыз билдирди.
23-июлда башка бир топ, Султан Айжигитовдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, “Баткенге М.Айбалаевдей губернатор керек”, -дешип жүзгө чукул адам митинг өткөрүшкөн болчу. (AJ)
23-июлда башка бир топ, Султан Айжигитовдун кызматтан кетүүсүн талап кылып, “Баткенге М.Айбалаевдей губернатор керек”, -дешип жүзгө чукул адам митинг өткөрүшкөн болчу. (AJ)