Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Филип Кроули: Кыргызстанга 48.6 млн доллар көмөк көрсөтүлөт


Мындай маалыматты АКШ Мамдепартаментинин маалымат катчысы Филип Кроули Вашингтондо туруп билдирди. Бул каражат соңку окуялардан кийин Кыргызстан элин жана өкмөттүн аракеттерин колдоо максатында бериле турганыдыгын баса белгилеп, «Биздин көмөк жергиликтүү кошуундарга багытталган чакан инфраструктура түзүү, тамак-аш тартыштыгын жоюу, демокартиялык процесстер менен институттарды бекемдөө, өлкө ичинде жер которгон адамдарды колдоо, орум-жыйында жер семирткич, күйүүчү май менен камсыздоо, кошумча баш калкалай турган жай жана кайра отурукташтыруу сыяктуу долбоорлорду каржылоого жумшалат», деди.

27-июлда Вашингтондо Хельсинки комиссиясы Кыргызстанга арналган угуу өткөрүп ага Ак үй өкүлдөрү, эксперт-адистер жана Кыргызстандын АКШдагы элчиси Арслан Анарбаев катышты.

XS
SM
MD
LG