Бул тууралуу Баткен районунун акими Хаитали Айкынов бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 27-июль күнү Баткен районунун Миң-Булак жана Тажикстандын Сурх айылдары чектешкен аймактагы бир гектардай жердеги өрүк бак талашка түшүп, эки тараптан 30дай киши чогулган. Расмий бийлик жана күч кызматтарынын кийгилишүүсүнөн кийин тирешкен тараптар таркап кетишкен. Баткен районунун акиминин айтуусунда, талашка түшкөн жер эки өлкөнүн картасында тең Кыргызстанга тиешелүү болуп турат, бирок тажик атуулдары акыркы 5-6 жылдан бери ал жерге өрүк көчөттөрүн тигип, пайдаланып келишкен.
"Бул маселе боюнча жакынкы күндөрү Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдеринин жолугушуусунда каралат, ага чейин талашка түшкөн аймакта атуулдардын ар кандай аракеттери жасалбай турат"- дейт Хаитали Айкынов. (JsA)