Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

ЕБ, АКШ Иран менен сүйлөшүү жакында башталат деген үмүттө


Кошмо Штаттар жана Евробиримдик Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү жакында кайра улантылат деген ишеничте. Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон айымдын айтышынча, сүйлөшүү Тегерандын ядролук программасы жөнүндө гана болушу керек. Вашингтон бийик деңгээлдеги Иран жана дүйнөнүн беш бакубат өлкөсү арасындагы ядролук сүйлөшүү чукул арада башталат деген үмүттө экенин АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Филип Кроули билдирди. Иран менен 5+1 формасында өтчү бул сүйлөшүү былтыр октябрда токтоп калган. Ага экинчи жактан АКШ, Британия, Кытай, Россия, Франция жана Германия катышат.

Батыш өлкөлөрү Иран уранды ядролук бомба жасоо үчүн байытууда деп кооптонот. Тегеран болсо уранды тынчтык максатында пайдаланганы байытып жатканын айтып жүрөт.

XS
SM
MD
LG