Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Берлинде 1,8 млн. км жүргөн латвиялык автобус кармалды


Берлинде 1, 8 миллион чакырым жүргөн латвиялык эки кабат автобус камакка алынды. Полиция өкүлүнүн билдиришинче, эскилиги жеткен автобустун таксометри эки жолу 999 999 чакырым айланыптыр. Же автобус эки ирет Айга барып келип, анан Латвияга жеткендей жол басыптыр. Автобус шейшемби күнү бешимден кийин Германия аркылуу Швейцарияга туристтерди ташып баратканда кармалган. Полиция автобустун айдоочусуна жана 67 жүргүнчүсүнө сапарды башка унаада улантууга уруксат берди.

XS
SM
MD
LG