Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 18 млрд. 700 млн. кубметрден ашты. Бул тууралуу бүгүн “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Былтыр ушул маалга аталган суу сактагычта суунун көлөмү болгону 11 млрд. 87 млн. кубметрди түзгөн эле. Суу сактагычка келип түшкөн суу агымы секундасына 1044 кубметрди түзүп жатат.
Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү норма боюнча 9 млрд. 200 млн. кубдан ылдый түшпөшү керек. Андан түшсө сөзсүз түрдө агрегаттарга күч келип, бузулууга алып келет. (EK)
Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү норма боюнча 9 млрд. 200 млн. кубдан ылдый түшпөшү керек. Андан түшсө сөзсүз түрдө агрегаттарга күч келип, бузулууга алып келет. (EK)