Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Ош мэриясы шаарды калыбына келтирүүгө даяр


Бүгүн Убактылуу өкмөттүн Оштогу маалымат борборунда вице-мэр Таалай Сабиров шаарды калыбына келтирүү иш-чаралары тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, түштүктөгү июнь айындагы кандуу тополоңдо 730 турак-жай жана 208 коммерциялык обьект кыйроого учураган. Адистердин алдын ала эсептөөсү боюнча бул курулуш обьектилерин калыбына келтирүү үчүн 1 млрд. 300 млн. сом талап кылынат. Бүгүнкү күнгө 64 бөлмөлүү эки үй үчүн аянтчалар бекитилди. Сабиров ошондой эле шаардык мэрия башкы пландын негизинде “Жайма” базарын жоюп, анын ордуна муниципалдык дүң базарын ачуу чечимин билдирди. Жаңы базар казынага салыктар түрүндө кошумча жылына 300 млн. сом киреше берип турмакчы.

Вице-мэр курулуш үчүн каражат түшсө үй-жайсыз калгандарга жаңы турак-жай тургузуу үчүн даярдык бар экендигин айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн кабарлады. (EK)

XS
SM
MD
LG