Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Таласта ЕККУнун полиция тобуна каршы митинг өттү


ЕККУнун полиция тобун Кыргызстандын түштүгүнө киргизбөөнү талап кылган акция Талас шаардык өз алдынча башкаруу мэриясынын имаратынын алдында өттү. Ага 20га жакын киши катышып, ЕККУнун түштүккө кириши менен Ирак, Югославия, Палестина жана Израилдеги жаңжалдар Кыргызстанда да башталышы ыктымал экенин айтышты. “Азаттыктын” кабарчысы “Мындай ишке жол бербеш керек” деген баракчаларды байкаган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул маселе республикалык деңгээлде, бир топ министр, жетекчилердин талкуусунан улам чечилгенин, андыктан бул кадамды туура деп эсептей турганын “Азаттыкка” билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG