Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Абактагы казак журналист Улуттар Уюмуна доо арыз жазды


«Алма-Ата Инфо» басылмасынын баш редактору Рамазан Есергепов гезитке мамлекеттик сырды жарыялагандыгы үчүн өткөн жылы үч жыл абакка кесилген. Журналист болсо ага карата ачылган кылмыш иши саясий мүнөздө экендигин айтат. Ушул жылы казак бийлиги журналисти абактан бошотуу же мөөнөтүн кыскартуу өтүнүчүн четке каккан.
Есергепов соттун мындай чечимине каршылыгын билдирип, түрмө жетекчилеринин кысымынан кийин ушул жылдын башында ачкачылык жарыялаган. 28-июлда журналисттин аялы Раушан Есергепова күйөөсүнүн доо арызын Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросунун башчысы Виктория Тюленовага тапшыргандыгын маалымдады. Учурда Казакстан ЕККУнун төрагалык милдетин аткарууда.

XS
SM
MD
LG